Профессиональный лицей № 98
Кесиптик лицей
Байланыш жана маалыматтык технологиялар №98
21-февраль "Эл аралык эне тил күнүнө"

21-февраль "Эл аралык эне тил күнүнө"

2024

21-февраль "Эл аралык эне тил күнүнө" карата 98-байланыш жана маалымат технологиялар кесиптик лицейинин КД тайпасынын окуучулары кыргыз тили мугалими Жумакенова Айдай Калыгуловна жана орус тили мугалими Тиленбаева Надира Исаковнанын көзөмөлүндө борбор калаадагы А.Осмонов атындагы  Кыргыз Улуттук китепканасында  саякатта болушту. Китепкананын эмгек жамааты жылуу кабыл алып, китепканынын тарыхы жана бөлүмдөрү боюнча кеңири маалымат беришти. 7 миллиондон ашык фонду бар китепканадагы көлөмү жагынан эң кичинекей китептер, 20-кылымдагы гезит журналдар окуучуларды таң калтырбай койгон жок. Улуттук китепкананын ичиндеги көргөзмөлөр жана музей окуучуларды кызыктырып, сейрек кездешүүчү бөлүмүндөгү ар кайсы тилдеги китептер кызыгууларын жаратты. "Эл аралык эне тил күнүнө" карата уюштурулган саякат КД тайпасынын окуучуларынын купулуна толду.

Акыркы жаңылыктар