Ачык эшик күнү
2025-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарындагы № 98 Байланыш жана маалымат технологиялар кесиптик лицейинин окуучулары үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинде ачык эшик күнү болду.
✅ Иш-чара аскер кызматын пропагандалоо, жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында күжүрмөн даярдоо жана тарбия иштер башкармалыктары тарабынан уюштурулду.
✅ Окуучулар Департаменттин тарыхы, түзүмү жана негизги милдеттери менен таанышып, жоокерлердин күнүмдүк кызмат өтөө шарттарын көрүштү. Алар өздүк курамдын саптык машыгууларына, куралды чачып-жыйноо сабактарына күбө болуп, айрымдарына катышууга мүмкүнчүлүк берилди.
✅ Экскурсиянын натыйжасында окуучулар аскердик тартипке, биримдикке жана мекенге кызмат кылуунун ыйык милдет экенине ынанышып, уландар келечекте аскерге келүүнү убада кылышты.