Профессиональный лицей № 98
Кесиптик лицей
Байланыш жана маалыматтык технологиялар №98
«Уңгужол» лекциясы – лицейдин 60 жылдыгына карата

«Уңгужол» лекциясы – лицейдин 60 жылдыгына карата

2026

20-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин 🇰🇬 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгынын алкагында № 98 Байланыш жана маалымат технологиялар кесиптик лицейинин 60 жылдык мааракесине карата кыргыз тили сабагынын негизинде «Уңгужол» аталышындагы лекция өткөрүлдү. 📚

🎤 Иш-чараны лицейдин директору Сагынбекова Чинара Мелисбековна куттуктоо сөзү менен ачып, лицейдин 60 жылдык тарыхы, жетишкендиктери жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу кеңири маалымат берди.

📖 Негизги баяндама менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мураталиев Мелис Казакбаевич чыгып, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» идеологиясынын мазмуну, улуттук баалуулуктарды сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо тууралуу баяндама жасады.

❓ Лекциянын аягында окуучулар суроолорун берип, өз ойлорун айтып, жандуу талкуу уюштурулду. 💬🔥

✨ Иш-чара улуттук идеологияны жайылтууга, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатууга жана кесиптик билим берүүнүн маанисин арттырууга багытталды.

Акыркы жаңылыктар

  • Телепорт жабык кечесине чакыруу
    11/4/2025

    Телепорт жабык кечесине чакыруу

  • Өрт коопсуздугу боюнча окуу машыгуулары
    3/28/2026

    Өрт коопсуздугу боюнча окуу машыгуулары