Профессиональный лицей № 98
Кесиптик лицей
Байланыш жана маалыматтык технологиялар №98
№98 байланыш жана маалымат технологиялары кесиптик лицей тарабынан орус адабияты сабагынын алкагында Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт музейине экскурсия уюштурулду.

№98 байланыш жана маалымат технологиялары кесиптик лицей тарабынан орус адабияты сабагынын алкагында Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт музейине экскурсия уюштурулду.

2025

Экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар залкар манасчы Саякбай Каралаевге арналган скульптураны жана улуттук кол өнөрчүлүктүн мисалы болгон түркүн түстөгү туш кийиздердин көргөзмөсүн көрүп чыгышты.
Музей кызматкери ар бир экспонат боюнча кеңири маалымат берип, алардын тарыхый жана маданий маанисине токтолду. Окуучулар зор кызыгуу менен угуп, өздөрүнүн маданий билимин кеңейтишти.
Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, 5 тайпанын кураторлору окуучуларды жетектеп, коопсуздукту камсыз кылышты.
Белгилей кетсек, биздин лицейде мындай маданий иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Анткени келечек муундарыбыз кесиптик билимден тышкары, маданий жактан да өсүп-өнүгүүсү зарыл деп эсептейбиз.

Акыркы жаңылыктар

  • ВР-2-24 тобунун студенткасынын SmartGo эл аралык олимпиадасындагы ийгилиги
    5/28/2026

    ВР-2-24 тобунун студенткасынын SmartGo эл аралык олимпиадасындагы ийгилиги

  • Ата-Бейит мемориалдык комплексине таасирдүү саякат
    5/14/2026

    Ата-Бейит мемориалдык комплексине таасирдүү саякат